Спорт

Кыргызстандык оор атлетчилер Түштүк Кореяга Азия чемпионатына барат. Тизме

Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ченджу шаарында (Түштүк Корея) өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, мелдеш 19-апрелде башталып, 2-майга чейин уланат.

Чемпионатка бара турган спортчулардын тизмеси:

Бекдөөлөт Расулбеков — 102 кг;

Эмил Молдодосов — 89 кг;

Изат Артыков — 73 кг;

Ишенбек Муратбек уулу — 67 кг.

Оор атлетика боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button