УКМК: 1млн сомдук салыкты төлөбөй, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарды мыйзамсыз ташып келгендер зыяндын ордун толтурду
КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына кире бериште 7 млн 500 миң сомдон ашык суммадагы товардык-материалдык баалуулуктарды тиешелүү жүк ташуу документтерисиз мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 млн сом өлчөмүндөгү милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыян аныкталып, мамлекеттик бюджетке толугу менен кайтарылды.
Учурда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо туралуу ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



