Коом

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт

3-4-июнда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button