Окуялар

УКМК: Чет элдик жаран кызмат адамына 150 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

2023-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды.

Кармалган К.А. кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button