Коом

Энергетика министрлиги электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады, бирок баарына эмес

Ведомство «Башка керектөөчүлөр» тобуна электр энергиянын тарифин киловатт-саатына 3,76 сом (салыктарды эске албаганда) деп белгилөөнү сунуштоодо. 

Мурда булар «Бюджеттик керектөөчүлөр» тобунда болуп, алар үчүн тариф 2,87 сом болчу. Өзгөрүүлөр өнөр жай, айыл чарба керектөөчүлөрүнөн башка тиричиликтик эмес абоненттерге тиешелүү болот.

2024-жылга карата талдоого ылайык энергетикалык компаниялардын кирешеси 32,5 миллиард сом, ал эми чыгашасы 40,6 миллиард сомду түзөт. Тартыштык 8,1 млрд сом болору күтүлүүдө. 

Жаңы тарифтер кирсе энергетикалык компаниялардын кошумча кирешеси 900 миллион сомго жетери болжолдонууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button