УКМК: Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагындагы жерди мыйзамсыз менчиктеп алгандар кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Чүй облусундагы мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (“Документтердин жасалмасын жасоо”) жана 209-беренесине (“Алдамчылык”) ылайык Сокулук районунун Жаңы-Пахта а/а турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. кармалды.
Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган, муну менен алар мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирген.
2023-жылдын 15-июнунда Сокулук районунун Жаңы-Пахта а/а адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.





