Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» ай сайынкы жөлөкпул жогорулайт

Кыргызстанда муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө), 16 жашка чейинки балдары барларга берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» ай сайынкы жөлөкпулдун камтылышы кеңейтилет жана даректүүлүгү жогорулатылат. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.
Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан документке ылайык, жарандардын муктаждыгын аныктоо үчүн кепилденген минималдуу киреше 1 миң сомду түзөт. Бул көрсөткүч 1,5 миң сомго чейин жогорулатылат.
Мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүчү «Түндүк» системасынын алкагында үй-бүлөлөрдүн муктаждыгын аныктоодо маалымат берүү боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен туруктуу негизде иш алып баруу тапшырылды.
Бул токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирип, 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта колдонулат.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү, анын ичинде эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүндөгү 16 жашка чейинки балдарга дайындалат. Анын өлчөмү айына 1 200 сомду түзөт.



