Окуялар
Бишкекте таксинин айдоочусуна 14 жолу бычак сайган. Кылмышка шектүү кармала элек
11-июлга караган түнү жүргүнчү таксистке кол салып, 14 жолу бычак сайган. Бул маалыматты Чүй ОИИБден тастыкташты.
Бишкектен Новопавловка айылына айдатып барган айдоочуга белгисиз адам 14 жолу бычак менен жаракат келтирген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
«Такси айдоочу Бишкектин Тунгуч кичи районунан кардарды алып, андан соң аны менен Новопавловка айылына барганы аныкталган. Кардар жол киренин электрондук капчыгы аркылуу төлөгөн. Жүргүнчү күтүүсүздөн бычагын алып чыгып, таксистке кол салган. Айдоочу унаадан чыгууга үлгүргөн. Таксист 14 бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал эми шектүү жакынкы аралыкта кармалат»,- дешти милициядан.


