Саясат

«Боёкчу боёт десе, сакалына чейин боёптур». Спикер ротация мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү талап кылды

Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуротация мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү талап кылды.

Ал облус башчыларын, акимдерди ротация кылуу жакшы жыйынтык бергенин белгилеп, бирок айыл өкмөт башчыларын ротация кылуу натыйжа бербей жатканын айтты. Спикер өкмөткө бул мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизип, парламенттн кароосуна алып келүүнү тапшырды. Ошондой эле Тургунбек уулу ротайия маселеси маданият өкүлдөрү үчүн да кереги жок экенин айтат.

«Боёкчу боёк боёт десе, сакалына чейин боёптур» кылбай, могу райондук маданият жана билим берүү бөлүмдөрүндөгү ротацияны да токтотуш керек. Алардын алган эмгек акысы 35 миң сом болсо, башка районго барганда турак үйдүн ижарасына 20 миң сом төлөсө, анан 15 миң үчүн ким барып иштейт? Бул маселе курч болуп турат», — деди ал.

Булак: Супер.кж маалымат агенттиги

Тектеш кабарлар

Back to top button