Коом

Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандарды кармашты

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы Ж.уулу Д. Ош шаарында кармалган.


Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 40 жаштагы И.Н., 39 жаштагы Б.Т., 43 жаштагы Т.М., жана 26 жаштагы О уулу А., кармалган. Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 кг. 869 гр. өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган заттарга карата соттук химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар гашиш экендиги аныкталган. Кармалган шектүүлөр Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button