Окуялар

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти куткарып калышты

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы коомдук коопсуздук камсыздоо кызматы учурунда полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун бөлүмчө командири милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет жана 2-батальондун кызматкери милициянын старшинасы Дуулат Азатов «Алтын-Кум» эс алуу жайында 20-июлда саат 18:45 чамасында сууга чогуп бара жаткан 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун куткарып калышкан.

Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button