Коом
Бишкекте Элдик курултай башталуу алдында турат

Курултай быйыл 15-16-декабрда өтөт.
Элдик курултайга быйыл ардактуу коноктор чакырылбайт. Шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат. Алдыдагы курултайга делегаттардан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.



