Коом

Прокурорлор жана көзөмөл органынын тергөөчүлөрү кызмат учурунда каза болгондо үй-бүлөсүнө төлөнчү компенсацияны азайткан мыйзам кабыл алынды

Каза болгон учурда акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 20 орточо айлык акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Буга чейин 20 жылдык айлыгы берилчү. 

Эгерде прокурор жана тергөөчү өз милдеттерин аткаруунун натыйжасында майып болуп калса, анда пособиелер төмөнкүдөй:

▪️I топтогу майыптар — 10 орточо айлык эмгек акы (ага чейин 10 жылдык эмгек акы болгон)

▪️II топтогу майыптар — 8 орточо айлык эмгек акы (ага чейин 8 жыл үчүн)

▪️III топтогу майыптар — 5 орточо айлык эмгек акы (ага чейин 5 жылдык үчүн)

Былтыр июль айында Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков кырсыктан каза болгон. Анда Жогорку Кеңешке анын үй-бүлөсүнө 21,7 млн сом компенсация төлөп берүү сунушу киргизилген. Бул сумма коомчулукту нааразы кылган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button