«Орто-Сай» базарынын соодагерлеринен акча талап кылган деп депутат кармалды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты кармалды. Ал соодагерлерден акча талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБ билдирди.
14-июлда милицияга К.А. аттуу аял белгисиз кишиге чара көрүүнү суранып милицияга кайрылган. Ал өзүн «Орто-Сай» базарындагы эт саткан бөлүмдүн администратору катары тааныштырып, жыл башынан бери соодагерлерден алар тапкан кирешенин кайсы бир бөлүгүн талап кылып келген. Болбосо соода орунун алып коерун айтып коркуткан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Акча талап кылуу») боюнча иш козголгон.
«Акча алып жаткан жеринен 1987-жылкы А.А. кармалды. Ал Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты экени аныкталып Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын жашаган жеринен белгисиз үлгүдөгү курал жана акча табылды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.


