Коом

Депутат Саламаттыкты сактоо министрлиги сертификатталбаган кампадагы дарылары менен бейтаптарды уулап жатканын айтты

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын дары-дармек кампасы сертификат алган-албаганын сурап, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаиловдон албаганы тууралуу жооп алды.

Депутат министрликти сертификатталбаган кампада сакталган дары-дармекти бүтүндөй республикага сатып жатканы үчүн айыптады.

«Сиздер сөзүңүздөргө отчет бересиздерби? Бүтүндөй республиканы сертификатталбаган кампада сакталган дары-дармек менен камсыз кылып жатасыздарбы? Ал жерде температура режими, нымдуулук деңгээли көзөмөлдөнбөйт да! Дары-дармек бардык талаптарга жооп берген кампаларда сакталышы керек», — деди депутат.

Министрдин орун басарынын айтымында, дары-дармек келээри менен саламаттыкты сактоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

Депутат дары-дармек дароо бөлүштүрүлбөй турганын, аларды мекемелер өз күчү жана өз каражаты менен алып кетээрин айтты.

«Эч кандай логистика жок, баарын саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине илип койгонсуңар. Мында мыйзам бузуу болуп жатат. Кампада температура сакталбаса, андагы дары бейтапка пайда эмес, зыян алып келчү ууга айланаарын билесиздерби?!» — деди Садырбаева.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button