
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти оюнчулардын ден соолугун камсыздандыруу процесси башталганын билдирди.
Тиешелүү полисти алгачкылардар болуп Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы алды.
“Ар бир команда камсыздандыруу процедурасынан өтүшү керек. Полисти албагандар турнирлерге катыша албайт», — деди Нурлан Максутов.
Полис 2,8 миң сом болот (минималдуу коюму), камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы 200 миң сомго чейин.



