Коом

Абитуриент – 2023: ЖОЖдорго кабыл алуунун V айлампасы башталды

Бүгүн, 14-августта жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абитуриенттерди каттоо 16-август күнү сааат 14:00до аяктайт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button