Маданият
Кыргыз драма театрында «Ромео жана Жульетта» спектакли тартууланат

Жамал Сейдакматова атындагы «Туңгуч» жаштар театры Уильям Шекспирдин «Ромео жана Жульетта» спектаклин коёт. Бул туурасында Кыргыз драма театры билдирди.
Мындай иш-чара өлкөнүн эң таланттуу жаш актёрлорунун башын бириктирген музыкалуу-хореографиялык ири долбоор экени белгиленди.
Спектакль 12-13-14-сентябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чоң залында көрөрмандарга тартууланат. Күн сайын кечки саат 18:30да башталат.
Режиссёру — КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Меңдебаиров.
Бул биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен өтүп жатканы айтылат.



