Дүйнө

Афганистанда Талибан бийлиги аялдарга сейил бакта сейилдөөгө тыюу салды

Талибан бийлиги бул ирет аялдардын улуттук сейил бакта сейилдөөсүнө тыюу салды. Мунун себебин министрдин милдетин аткаруучу Мохаммад Халед Ханафи аялдардын сейил бакта хиджаб салынуунун эрежелерин туура сактабагандыгы менен түшүндүргөн.

«Банди-Амир сейил багына кирүү эрежелерин түзүп бергиче, биздин эже-карындаштарга кирүүгө чектөө салынат. Буга коопсуздук кызматынын күчтөрү жана аксакалдар кеңеши чара көрүшү керек!»- деп билдирген ал. 

Банди-Амир — бирден бир белгилүү улуттук сейил бак. Бул сейил бак туристтер, жана жергиликтүү калк үчүн эс алууга ыңгайлаштырылган. Банди-Амир өлкөнүн алгачкы улуттук сейил багы катары 2009-жылы ачылган жана үй- бүлөлүк эс алуучу жер катары кеңири таанылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button