Окуялар

УКМК: Салык кызматынын Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн инспектору 50 миң сом пара менен кармалды — ФОТО

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын УКМКсы тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 30-августунда Салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору А.И.К. жеке ишкерден 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Салык кызматкери көрсөтүлгөн акча каражаттарын контролдук-кассалык машинаны (ККМ) орнотуу боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн опузалоо жолу менен талап кылган.

Белгилей кетсек, салык кызматкери эгер көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тартса, айып пул жана кошумча салыктык төлөмдөрүн төлөтөөрүн айтып, коркуткан.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button