ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР
Назира Айтбекова: Ушундай кийим менен да ыймандуу болсо болот
Белгилүү журналист Назира Айтбекова Фейсбуктагы жеке баракчасына кыргыздын улуттук кийимин кийип түшкөн сүрөтүн коюп, кыргыз экенине сыймыктанган пикирин билдирди.
«Ушундай кийим менен да ыймандуу болсо болот. Бардык жерлер жабылган. Башта жоолук. Кыргыздын уңгусун чанбайлы! Балдарыбыздын атын кыргызча коелу. Кыргыздын кийимин мода кылалы. Кыргыз тилибизде сүйлөйлү.
Кыргыздын тарыхындагы баатырлар, тарыхта укмуш изи калган адамдар көп. Ошолордон кеп кылалы. Ата-бабабыз тааныбаган, көрбөгөн эле адамдарды кумир тутуп, жинди боло бербейли.
Улуттук уңгу, тамырыбыз менен заманбап жашоону айкалыштыралы. Мен кыргызмын! Кыргыз экениме сыймыктанам! Сенчи?” – деп жазды Назира Айтбекова.