Коом

Бишкектеги автопарк толугу менен жаңыланды

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун жаңы автопаркы ишке кирди.

bezymiannyi.png

Аталган жайдын жалпы аянты 5 гектарга жетет. 1960-жылы курулган.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын аймагында жайгашкан жайда президенттин тапшырмасы менен оңдоо иштери жүргүзүлдү, эски автобустар алынып, жарактан чыгарылды. Мындан тышкары башкармалыктын аймагы кеңейтилип, жаңы автобустарга даярдалды. Асфальт төшөлүп, жарыктандырылды.

Ошондой автопарктын аймагында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды.

8.597x0-is.jpeg

Тейлөө борбору борбор калаанын бардык автопарктарын тейлейт, ал эми тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Бул өз кезегинде линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездетет.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек.

Учурда Бишкекке 250 автобус келди, алар линияга чыгып, шаар тургундарын ташууда, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button