БУУ Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын ишине кыргыз делегациясы катышты

БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясы Дубай шаарында 2023-жылдын 29-ноябрынан 12-декабрына чейин доктор Султан Ахмед Аль Жабердин (Бириккен Араб Эмираттары) төрагалыгы астында өттү.
1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан жылдык конференция дүйнөлүк лидерлер, саясатчылар, эксперттер жана башка көптөгөн кызыкдар тараптар үчүн климаттын глобалдык маселелерин талкуулоо жана маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Буга чейинки КС-27 конференциясы Египеттин Шарм-Эл Шейх шаарында өткөн.
Эки жумалык сүйлөшүүлөрдүн алдында 1 жана 2-декабрда болуп өткөн климат боюнча иш-аракеттердин Дүйнөлүк саммити (World Climate Action Summit), анын алкагында адаптациялоо, митигациялоо жана ишке ашыруу каражаттары маселелери боюнча жыйынтыктарды чыгаруу боюнча (Global stocktake) жогорку деңгээлдеги параллель отурумдар өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров 2023-жылдын 1-декабрында улуттук билдирүү жасады, анда кызыл сызык менен өлкөнүн 2030-жылга карата чыгындыларды чыгаруунун деңгээлин 16% га, ал эми эл аралык колдоо болгондо-44% га кыскартуу чечкиндүүлүгүн баса белгиледи. Париж келишиминин духуна ылайык, КР мамлекет башчысы дүйнөлүк коомчулукка жана биринчи кезекте өнүккөн өлкөлөргө аялуу тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү активдүү колдоого, анын ичинде жоготуулар жана зыяндар боюнча фондду тез арада ишке киргизүү, кайтарымсыз шарттарда түз финансылык колдоо жана жаңы технологияларды берүү, ошондой эле климаттык долбоорлорго тышкы карызды алмашуу механизмдерин түзүү чакырыгы менен кайрылды.
Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында болуп өткөн адаптациялоо маселелери боюнча (Global stocktake) жыйынтыктарды чыгаруу боюнча жогорку деңгээлдеги отурумдун жүрүшүндө чыгып сүйлөөнүн башкы лейтмотиви тоо экосистемаларынын көйгөйлөрү, тоо экосистемаларынын климаттык жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган тоолуу өлкөлөрдүн күч-аракеттерин колдоо зарылдыгы, ошондой эле тоо тематикасын артыкчылыктуу маселелер катары интеграциялоо, чакан арал катары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин көйгөйлөрү менен окшоштук боюнча КС-28 гана эмес, БУУнун КӨРК кийинки конференцияларынын күн тартибине байланыштуу болду.
Ошентип, жогорку деңгээлдеги сегменттин жүрүшүндө мамлекет башчысы С.Н.Жапаров тарабынан багыт берилди, ал эми эки жуманын ичинде Президенттин Администрациясынын, ТИМдин, ЖРЭТКМ, Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин, ЦАИИЗ катышуусу менен, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде БУУӨП, ФАО, ЕККУ, ДАП, GIZ, РЭЦЦА катышуусу менен Кыргыз Республикасынын делегациясы тарабынан маанилүү милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлдү.
Маанилүү жыйынтыктар: КС-28нин маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп дүйнөдөгү биринчи “глобалдуу жыйынтыктарды чыгаруу (GST)” жөнүндө чечим кабыл алуу болду, ал 1,5°C чегиндеги глобалдык температуралык чекти кол жеткидей аралыкта кармоонун башкы максаты менен он жылдыктын аягына чейин климаттык аракеттерди активдештирүүгө багытталган.
Глобалдык инвентаризация КС-28дин негизги жыйынтыгы болуп калды, анткени ал боюнча эки жумалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн бардык элементтерди камтыйт жана азыр өлкөлөр тарабынан 2025-жылга чейин аткарылышы керек болгон климаттык иш-аракеттердин кыйла катаал пландарын иштеп чыгуу үчүн колдонулушу мүмкүн. БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча аткаруучу катчысы Саймон Стил өзүнүн акыркы сөзүндө “бул жыйынтык бардык өкмөттөрдү жана компанияларды “убадаларды реалдуу экономикалык натыйжаларга айландырууга” чакырган казылып алынган отун доорунун акырынын башталышы” деп белгиледи.
Тизмеге ошондой эле көмүр энергиясын колдонууну токтотуу аракеттерин тездетүү, натыйжасыз казылып алынган отун субсидияларын акырындык менен жоюу жана өнүккөн өлкөлөр алдыңкы ролду ойной бериши керек болгон энергетикалык системаларда казылып алынган отундан баш тартууга көмөктөшүүчү башка чаралар кирет. Кыска мөөнөттүү келечекте, Тараптарга бардык экономиканын масштабында чыгындылардын кыскартууларын жана 2025-жылга карата кийинки раунддун климат боюнча өзүнүн иш-аракеттер планынын 1,5°C чеги менен макулдашылган (улуттук деңгээлде аныкталган салымдар катары белгилүү) амбициялуу максаттуу көрсөткүчтөрүн көрсөтүү сунушталат.
Биринчи жолу чыгарылып жаткан жана алдыдагы беш жылга карата глобалдык саясатты аныктоочу болуп кала турган бул тарыхый маанилүү глобалдык жыйынтык чыгаруу документине (GST) (FCCC/PA/CMA/2023/L.17), 181 номериндеги пункт киргенине өзгөчө көңүл буруу керек, анда “Илимий жана технологиялык кеңеш боюнча көмөкчү органдын төрагасынан өзүнүн алтымышынчы сессиясында (2024-жылдын июнь айы) тоолор жана климаттын өзгөрүшү маселеси боюнча эксперттик диалог жүргүзүүнү суранышат”.
Бул пункт Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан адаптациялоо маселеси боюнча глобалдык жыйынтыктарды (GST) жогорку деңгээлде чыгаруу сегментинде өз убагында жарыялагандыгынын, тоолордун жана климаттын өзөктүү өз ара аракеттенүүсүнө багытталган жаңы глобалдык диалогду ишке киргизүү зарылдыгы жөнүндө чакырыктын аркасында келип чыкты. КР Президентинин сөзүндө белгиленгендей, бул диалог тоо экосистемасына жана туруктуу глобалдык климатка байланыштуу ар кандай көйгөйлөрдү чечүү максатында иштеген механизмдерди жана иштиктүү чараларды издөө жана кабыл алуу үчүн эл аралык стратегияларды жана көп форматтуу масштабдуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.
Ошондой эле кыргыз делегациясынын ар кандай деңгээлдеги аракеттеринин аркасында, ошондой эле Непалдын, Бутандын жана Андорранын колдоосу менен жыйынтыктоочу документтин текстине “Тоо” экосистемасын аныктоону киргизүүгө мүмкүн болду. Атап айтканда, жыйынтыктоочу документтин преамбулалык бөлүгүндө 4-абзацта, ошондой эле 55, 56 жана 63-пункттардын токтом кылуучу бөлүгүндө (d пунктчасы), анда ар кандай контексттерде ар кандай экосистемалар саналып, башкалар менен катар “Тоо” экосистемалары же “тоолуу аймактарда” аныктамасы киргизилген.
181-пунктту ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эмнеге алып келет?
БУУ КӨРК аянтчасында кандайдыр бир маселелерди лоббирлөө үчүн жана маанилүү маселелер боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетишүү максатында, ошондой эле БУУ КӨРК жыйынтыктоочу документтеринде бекемдөө үчүн, эреже катары, авторитеттүү булактар катары саналган Климаттын өзгөрүшү боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык тобу (КӨЭӨТ) ошондой эле, Илимий жана технологиялык кеңеш боюнча көмөкчү орган (ИТККО) тарабынан даярдалган илимий далилдер, негиздемелер, маалыматтар жана маалыматтар зарыл.
Белгилей кетчү нерсе, КӨЭӨТ Конвенцияга, Киото протоколуна жана Париж макулдашуусуна тиешелүү илимий жана технологиялык маселелер боюнча өз убагында маалымат жана консультацияларды берүү жолу менен БУУнун КӨРК конференциясынын ишин колдойт. КӨЭӨТ бир жагынан ИТККО сыяктуу эксперттик булактар тарабынан берилген илимий маалымат менен экинчи жагынан КС саясий муктаждыктарынын ортосундагы байланыштыруучу ролду ойнойт.
КӨЭӨТ ишинин негизги багыттары климаттын өзгөрүшүнө таасир этүү, аялуу жана адаптациялоо, экологиялык жактан таза технологияларды иштеп чыгууга жана өткөрүп берүүгө көмөктөшүүнү жана I Тиркемеге киргизилген Тараптардын парник газдарынын чыгындыларынын кадастрларын даярдоо жана карап чыгуунун жетектөөчү принциптерин жакшыртуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүүнү камтыйт. КӨЭӨТ Конвенциянын, Киото протоколунун жана Париж Келишиминин алкагында методологиялык иштерди жүргүзөт, ошондой эле климаттык системаны изилдөө жана системалуу байкоо жаатында кызматташууга көмөктөшөт.
Мындан тышкары, КӨЭӨТ ИТККО менен тыгыз иштешет, кээде андан конкреттүү маалыматтарды же отчетторду сурашат, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн жалпы максатын бөлүшкөн башка тиешелүү эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенишет. КӨЭӨТ салттуу түрдө жылына эки жолу өз сессияларын параллель өткөрөт. Көмөкчү органдар өз отурумдарын КС менен биргеликте өткөрбөгөн учурда, алар адатта Германиянын Бонн шаарындагы катчылыктын штаб-квартирасында чогулушат.
Алдыда боло турган КӨЭӨТ 60-сессиясынын алкагында Кыргызстандын активдүү кызматташтыгы көрүнүп тургандай, анын кийинки чечими глобалдык аренада тоо көйгөйлөрүнө карата маалымдуулукту жогорулатуу үчүн тоолуу өлкөлөр үчүн бекем негиз түзүп жана өнүгүүнүн жаңы багытына өбөлгө түзбөстөн, келечекте тоолуу региондор жана тоолуу жерлерде жашаган калктын аялуу катмары үчүн колдо болгон финансылык ресурстарды натыйжалуу жана адилеттүү бөлүштүрүүгө, ошондой эле аялуу тоо экосистемаларына билимдерди, тажрыйбаларды жана технологиялык чечимдерди өткөрүп берүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Кыргызстан эл аралык аренада тоо маселелеринин жигердүү колдоочусу болуп саналат жана 20 жылдан бери тоо көйгөйлөрүн глобалдык күн тартибине интеграциялоо боюнча максаттуу иш алып барууда. БУУнун Башкы Ассамблеясында бир катар “тоо демилгелерин” кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгелери эл аралык коомчулукка белгилүү, анын ичинде “Тоону туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы, анын аклкагында 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.
Ошону менен бирге, БУУ КӨРК алкагында Кыргызстан биринчи жолу тоолуу өлкөлөрдүн арасында флагман болуп, тоо көйгөйлөрүн глобалдык аренада алга жылдырууда өзүнүн чечкиндүүлүгүн кайрадан көрсөттү. КС-28 көп сандаган тоолуу өлкөлөр үчүн болбосо да, БУУнун КӨРК аянтчасында тоо жана климат маселеси боюнча диалогду андан ары лоббирлөө үчүн негиз салган жана тоолуу өлкөлөр үчүн гана эмес, бүткүл эл аралык коомчулук үчүн жаңы баракты жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан тарыхый окуя катары эсте калат.
БУУнун КӨРК аянтчасында көптөгөн маселелер боюнча маанилүү саясий жана финансылык чечимдерге жетишүү үчүн кызыкдар өлкөлөр күч-аракеттерин бириктириши керек. Алсак, КС-28 талаасында Министрлик тарабынан үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында БА өлкөлөрүнүн павильонунда уюштурулган “Тоолор жана климаттык өзгөрүүлөр: Тоо өнөктөштүгүнүн сүйлөшүү тобун түзүү зарылдыгы” темасындагы сайд-ивенттин жүрүшүндө Кыргызстан, Андорра, Армения, Бутан, Зимбабве жана Непал тарабынан БУУнун КӨРК жаңы сүйлөшүү тобун түзүү жөнүндө маанилүү саясий чечим кабыл алынган, бул дагы бир кичинекей жеңиш болду.
Жогоруда аталган алты тоолуу өлкөнүн катышуусу менен жаңы түзүлгөн Global Mountain Partnership (GMP) тобу БУУнун КӨРК кабыл алган тиешелүү документтеринде адаптациялоонун өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын чагылдыруу үчүн БУУнун КӨРК аянтчасында Тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу максатында түзүлгөн. Кызыкдар тараптардын саясий эркине ылайык, топ түзүлдү, анын курамы кийин сөзсүз түрдө кеңейтилиши керек. Мындан тышкары, морт тоо экосистемаларынын курч маселелерин андан ары илгерилетүү үчүн GMP тобунун курамын андан ары кеңейтүү боюнча гана эмес, 2024-жылдын июнунда (Бонн ш.), КС-29 2024-жылдын декабрында (Баку ш.) жана өзгөчө мөңгүлөргө арналган КС-30 (Бразилия) ВОНТС алдыдагы сессияларында маселелерди лоббирлөө боюнча да макулдашылган иштерди улантуу зарыл.
КС-28 талаасында Министрликтин жана анын мурдагысы — мамагенттиктин тарыхында биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн атайын ижарага алынган РЭЦЦА павильонунда 5 түрдүү кошумча иш-чаралар уюштурулган.
Катышуучулардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн арасында Кыргызстандын актуалдуу көйгөйлөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана мүмкүн болгон чечимдерди издөөгө зарыл көңүл буруу бул сайд-ивенттердин башкы максаты болуп саналат. Ошентип Министрлик тарабынан төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:
- 2-декабрь-Тоо экосистемаларын, мөңгүлөрдү жана көрүнүктүү түрлөрдү сактоо үчүн климаттык аракеттер;
- 3-декабрь-Кыргызстан: Климаттык дымакты чындыкка айландыруу үчүн тышкы карызды алмашуу;
- 5-декабрь-Кыргызстан: митигация жана адаптация үчүн климаттык долбоорлорду иштеп чыгуу маселелери;
- 6-декабрь-Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: Тоо өнөктөштүгүнүн сүйлөшүү тобун түзүү зарылдыгы;
- 8-декабрь-Туруктуу айыл аймактары үчүн климаттык тобокелдиктер.
КС-28дин маанилүү айырмалоочу өзгөчөлүгү Дубайдын ЭКСПО — сити аймагында көк жана жашыл аймактарында болуп көрбөгөндөй ар кандай иш-чараларга катышкан делегаттардын саны болду. Бул контекстте Кыргызстан да четте калган жок. Кыргызстандын алдыңкы жашыл активисттери, депутаттар, жарандык коомдун, жаштардын, аялдардын, академиялык жана илимий чөйрөлөрдүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү климат маселесин илгерилетүүгө эң активдүү катышышты, алар ошондой эле Министрлик тарабынан 2023-жылдын 9-ноябрында КС-28 алдында уюштурулган климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук форумга активдүү катышышты. Министрлик ошондой эле КС-28 постун үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында жарандык коомдун активдүү катышуусу жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүүнү пландаштырууда, — деп айтылат маалыматта.



