Депутат Жеңишбек Токторбаев: “Сиз өзүңүздү абдан бийик коюп акыл үйрөтүп, текеберликтен бери болбодуңуз”

Депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин өткөн жыйынындагы маселе боюнча Адахам Мадумаровго жооп катары Фейсбук баракчасына пикирин калтырды. Текст өзгөртүүсүз берилди.
“Кеп кезеги келгенде айтпаса атасы өлөт”.
Жогорку Кеңештин өткөнкү жыйынында “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоор комитетте карап, ЖКтин кезектеги отурумга алып чыккан. Биринчи окуудан эле комитетке кайра кайтаруубуздун кажети жок деген жеке оюмду билдиргем. Ошондон улам менин кесиптешим Адахан Кимсанбаевич сын пикирлерин айтып “Досуңардын долбоорун колдоп жатасыңар”- деген жоосунсуз жоруктары менен тийишип кетти. Мен дагы келтирилген далилдер менен жооп берип коюну туура таптым. Элибизде “Сөз келгенде айтпасаң сөздүн атасы өлөт!”- деген сөз бар.
Урматтуу Адахан мырза!
Сиз өзүңүздү абдан бийик коюп акыл үйрөтүп, текеберликтен бери болбодуңуз. Сиздин образыңыз «волк в овечьей шкуре»! Интрига жаратасыз, публикага ойнойсуз, өзүңүздү пиар кыласыз!
Сиз “Патриотмун, мыйзам каккан казыктай болушу керек, мен мыйзамды сүйөмүн!”- дедиңиз. Макулмун! Бирок мен сизге орчундуу фактылар менен жооп берүүнү туура көрдүм.
1. Биринчиден “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамынын 56-беренесине ылайык, биринчи окуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун текстине түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт, негиз катары кабыл алынат. Ал эми сунуштарды берип, өзгөртүүлөрдү киргизүү экинчи окууда болот. Муну баарыбыз жакшы билебиз! А сиз бул жерден регламентти бузууну сунуштап жатасыз!
2. Экинчиден патриоттуулукту сөз түрүндө эмес иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек!
А) Сиз чыныгы патриотмун деп айтып жатасыз. Бирок иш жүзүндө буга чейин бир канча мамлекеттик тепкичтерди басып өтсөңүз дагы сиздин патриоттук кадамдарыңызды көргөн жокпуз. Мисалы кыргыз-тажик чек арасында сиз аркылуу чырдын башы болгон №5 протоколго (275 метр) кол койгонсуз! Бул азыркы Баткен облусундагы чыр-чатактын эң негизги себеби болуп жатканын сезип жатасызбы?! Жок! Бул биринчиси.
Б) Экинчиси. 2019-жылы Президент Сооронбай Жээнбеков баш болуп, Вице-прьемер-министр Жеңиш Раззаков Ак-Сай айылындагы Аскердик постту, Максат айылындагы аскер мунарасын алдырганда бир жолу да үн катканга жараган жоксуз! Демек, сиз ошол чечимге тымызын макул болгонсуз деп эсептейм.
В) Үчүнчү. Былтыркы апрель айында Таджикстан бизге карата агрессия жасаганда да сиздин конкреттүү ой-пикириңизди уга алган эмеспиз. Баткен жерине бир басып барганга жарабадыңыз, элден кабар албадыңыз!
Биз ошол кезде кыргыз жараны катары, патриоту катары жүздөгөн машиналар менен моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп, элди жеринен кабар алып келгенбиз.
3. Досуңардын мыйзам долбоорун колдоп жатат деген сөзүңүзгө кошулбайм. Анткени биринчиден бул мыйзам долбоорунун демилгечиси Өкмөт экендигин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан регламентке ылайык иш алып бара берели, Адахан мырза! Өзүңүзгө самокритичный болуп жүрсөңүз туура болмок! – деди Жеңишбек Токторбаев.



