Коом
Чаткал районунда жаңы аэропорт курулат
“Манас” аэропортунун төрагасынын айтымында, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы аэропорттун учуу тилкесинин узундугу азыркы учактарга кыскалык кылат.
“Андыктан учурда жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, бөлөк жер берилип жатат. Азыр изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал иштер туура болуп, бүт талаптарга жооп берсе, ошол жерге жаңы аэропорт курулат”, — деди Манасбек Самидинов.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Чаткалдагы аэропортту «Манас» аэропортунун балансына кайтарууну тапшырган. Ал 2000-жылдары жергиликтүү бийликтин балансына өтүп кеткен болчу.
@user2