ДүйнөКоом

Дубайда сатыкка чыга элек iPhone 15ти алууга кезекке тургандар ызы-чуу болушту

Дубайда iPhone 15 сатыла баштаганга бир күн калганда сатып алуучулардын массалык кезеги пайда болду. Жүздөгөн адамдар соода борборлордун алдында чогулуп, сатып алуучулар кезек талашып, түртүшүп жаткан видеолору тарады. Бул тууралуу The National басылмасы билдирди.

Соцтармактарга «Mall of Emirates» соода борборунда тартылган видеолор тараган. Анда Apple дүкөнүн бузуп кирүүгө аракет кылган көп адамдарды көрүүгө болот. Күзөтчүлөр аларды токтотууга аракет кылып жатышат. «Мен азыр алышым керек. 1 айдан кийин кеч болуп калат»,- деген Зушан аттуу кардар.

«Дайыма эле ушундай болот, кезек талашуу бир нече саат мурда башталган»,- деп жылмайган жумушчулардын бири.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button