Дүйнө
Малиде учак конгондон кийин күйүп кетти

Малиде 23-сентябрда Ил-76 транспорттук учак жарылганын Telergam-каналдар билдирди.
Самолет конгондон кийин учуп-конуу тилкесинен чыгып бир топ жерге чейин сүрүлүп барып, андан соң күйүп кеткен.
RT берген маалыматта борт Малинин Аскер-аба күчтөрүнө таандык. Ил-76ны 2018-жылы кыргызстандык Sapsan Airline авиакомпаниясы колдонгон жана каттоо номери — EX-76007. Ал эми бир катарлары бул учак «Вагнер» компаниясына тиешелүү деген маалыматтарды да жазышты.



