Коом

Турак жай, автоунаа сатканда 10% киреше салыгын төлөш керек же бир жылдан соң сатыш керек

Соцтармакта бул теманын айланасында талкуу жүрүп жатат. Колдонуучулардын бири “эгер мен 200 миңге унаа алып, аны оңдоп-түзөп 300 миң сомго сатсам “пайда көрүп жатасың” деп 100 миңден 10 пайыз салык алат экен” деп нааразы болгон. 

Ал эми Салык кызматы жарандар мүлктү бир жылдын ичинде сатса гана киреше салыгын төлөөгө милдеттендирилерин, андыктан бул алып-сатарларга тиешелүү мыйзам экенин айтты.

 “Бул норма мурун эле болгон, эч кандай жаңы эмес. Эски кодексте 2 жыл болчу, азыр азайды. Унаа, турак жай алып-сатуу менен иштегендер көп да. Учурда кайра каттоо маалында салыктык карызы жоктугу боюнча маалым кат керек, мурда ал талап кылынчу эмес. Ошон үчүн башаламан эле”, — деп билдирди маалымат кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button