Коом

Самара Босумбаева: «Мен эмне өзүмдүн колумду өзүм сындырып алмак белем»

Өткөн жумада Сокулук районунун акими журналист Самара Босумбаеванын колун сындырды деген чуулгандуу маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Бул тууралуу аталган акимчиликтен бизге байланышып журналистке эч кандай кол салуу болбогондугун, бул жалган жалаа экендигин айтышкан. Биз экинчи тараптын оюн билүү үчүн Самара Босумбаевага байланышып суроолорубузду узаттык.

-Мени жалаа жаап жатат дешиптир, эгер андай болсо, өз колумду өзүм сындырып алдымбы? Албетте, аким кылган ишинен кийин актанууга өтөт. Бул окуяны тергөө иштери жана сот чечими акыйкаттуу чечилет деген ишенимдемин. Окуяга күбө болгондор бар. Ал жакта жыйынга кире албай калган же кирип кетишкен элдин баары эле күбө болду. Учурдагы абалым анчейин жакшы эмес. Жарака кеткен кол кандай болот? Албетте, оорутуп жатат. Учурда абалым орто десем болот.
Ошондон бери кан басымым көтөрүлүп, түшпөй жатат.

Болуп өткөн окуядан күн мурун айрым жер ээлери митинг болоорун айтышкан. Биз окуяны жеринде чагылдыруу үчүн барганыбызда тарап кетишиптир. Ошол жерде турган үч кишиден сураганыбызда, «— Аким келип, кетти. Эртең акимчиликте күндүзгү саат 14:00дө ачык жыйын өтөөрүн, ага каалоочулардын баардыгы катыша алаарын билдирди», — деп жооп узатышты. Эртеси акимчиликке акимден бир катар суроолорубузга жооп алуу үчүн барганбыз. Бирок, эмнегедир ал агрессивдүү мамиле кылып, өзүңүздөр уккан окуя болуп кетти. Окуянын жүрүшү тууралуу видео материал даярдалып жатат. Жакында жарыялайбыз. Болуп өткөн окуядан кийин акимдин жана башка мамкызматкерлердин бир катар туура эмес иштери боюнча элден фактылар келип түшүүдө. Аларды кийинчерээк чыгарабыз, — деп билдирди Самара Босумбаева.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button