ИИМдин өкүлдөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин баңгизатка каршы күрөшүү боюнча жыйынына катышты

2023-жылдын 13-апрелинде Нью-Делиде (Индия) ШКУга мүчө-мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин 13-жыйыны болуп өттү.
Жолугушууга С.Прадхан – Индия Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө бюросунун башкы директору, Х.Имажанов – Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңги кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, Ма Яньчун – Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин баңги заттарына каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, У. Султанов – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын начальниги, А.Малик — Пакистандын баңгизатка каршы күчтөрүнүн начальниги, К.Смуров — Россия ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын орун басары., О.Нарзуллаев – Өзбекстандын баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалымат-аналитикалык борборунун директору катышышты.
Отурумдун жүрүшүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердеги баңги кырдаалынын актуалдуу маселелери жана афган баңги коркунучуна, синтетикалык баңгизаттарына, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, электрондук төлөм системаларын жана криптовалюталарды баңги кылмыштарында колдонууга каршы күрөшүү боюнча практикалык кызматташууну күчөтүү боюнча чаралар , ошондой эле баңгичиликтин алдын алуу жана баңгилерди дарылоо маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин 2024-2029-жылдарга баңгизатка каршы стратегиясынын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер программасын карашты.




