Коом
Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айга тыюу салат

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Чектөө курулуш блоктору жана кирпичтерге, плиткаларга, айнектин айрым түрлөрүнө жана электр кабелдерине тиешелүү.
Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алып келинген товарларга жана өлкө аркылуу транзит менен өткөн жүктөргө бул тыюу жайылтылбайт.
Ошондой эле стратегиялык жана инвестициялык долбоорлор үчүн керектүү курулуш материалдарын алып келүүгө уруксат берилет.



