Бир күндө Ысык-Көлдөн 3 чакырымдан ашык браконьерлик торлор алынды — ФОТО

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Ысык-Көл облусунун аймагында балык запастарын жана облустун экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоону камсыз кылуу, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, көлдүн үстүндө атайын рейдтик иш чара өтүп жатат.
Рейддик иш чарага Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлүп, ага облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин облустук башкармалыгынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Рейдин жүрүшүндө, Түп районунда жайгашкан Николаевка булуӊунда эле бир күндүн ичинде эле узундугу 3 километрден ашык 30га жакын эски жана жаңы браконьерлик торлору чыгарылды. Мындан тышкары, сууда жүрүүчү моторлуу кайык ээлери аныкталып, алар менен балыктарды жана суу жаныбарларынын башка түрлөрүн мыйзамсыз кармоо боюнча кандай жоопкерчиликтер каралган боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле, ышкыбоз балыкчыларга Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жеткизилди. Андан тышкары, коопсуздук чаралары жана көлдөгү жүрүм-турум тууралуу маалыматтар берилип кетти. Рейд уланууда, — деп билдирди Ысыка-Көл ОИИБдин маалымат кызматына



