Айсулуу Тыныбековага “Нарын даңкы” сыйлыгы тапшырылып, “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 2-ноябрда Айсулуу Тыныбекова Нарын жергесине иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Спортчу кызды Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов тосуп алды. Жолугушуу учурунда облус жетекчиси Айсулуу Тыныбекованын ийгиликтерин сыймыктануу менен белгилеп, Кочкор районуна Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борборун ачып берүү аракеттери жүрүп жаткандыгын жана мындай мектептер өлкөбүздүн бардык аймактарында ачылышы зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле ага Нарын облусунун элинин атынан терен ыраазычылык билдирип, “Нарын даңкы” сыйлыгын сыймыктануу менен тапшырды. Иш-чарада Айсулуу Тыныбековага Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров тарабынан “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы да ыйгарылды.
Салтанаттуу иш чарадан кийинАйсулуу Тыныбекова Борбордук Азия Университетинин кампусу менен таанышып чыкты. Андан соң облус жетекчиси Алтынбек Эргешов менен чай үстүндө баарлашты.



