Коом
Балыкчыда 13 жашар кыздын жансыз сөөгү табылды

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт билдирүүсүнө караганда 10-октябрь күнү саат 00:21 чамасында маалымат келип түшкөн.
Анда Балыкчы шаарындагы үйлөрдүн биринде өспүрүм кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу айтылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Аталган билдирүү Балыкчы ШИИБге катталып, тергөө ыкчам тобу барган. Окуя болгон жерде 2012-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган.
Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, ата-энеси эч кимге арыз доолору жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан.



