Окуялар

УКМК: 2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абадда массалык башаламандыктарды уюштурган сепаратисттер кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан кылмыш иштеринде болгон материалдарынын алкагында 2023-жылдын 13-ноябрында Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргыз Республикасынын жараны Г.Т.У. кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта билдиргендей ал 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон. 

Ошондой эле, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Р.А. аттуу жаранынын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы “Круговое” деп аталган жер тилкесине  жооптуу болгон.

Р.А.нын жашаган жеринде тинтүү учурунда: 6,5мм калибрлүү 1 — “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) “Prazise Jagen” оптикасы жана “Pulsar” түнкү көрүү аппараты менен, 1 – “SAUER 101” карабини (мылтык), 1 — 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал “FABARM XLR”, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылып алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button