Коом

Кыргызстанда убакытты 1 саатка артка жылдырууну сунуштап жатышат

Кыргызстанда убакытты бир саатка артка жылдырууну дарыгер Нурали Койлубаев менен “Баткен таңы” гезитинин башкы редакторуАдылбек Акматов демилгелеп жатканын айтышып, АКИпресс-Ошто өткөн жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, Кыргызстан 2005-жылдан бери UTC+6 саат алкагына өткөн. Бишкек бешинчи алкакта жайгашкандыктан, UTC+5ке өтүү туура болмок. Алардын айтымында, саатты артка жылдыруунун бир нече себеби бар.

«Шашып жүрүп, стресске кабылабыз, психологияга зыян болуп жатат. Экономикага да пайда болот. Мисалы, өлкөдө электр энергиясы 1 саатка үнөмдөлөт. «Туура эмес саат» адамды неврозго алып барат. Андыктан калктын ден соолугу үчүн убакытты ылайыкташыбыз керек. Бала бакча жана баштапкы класстарда окуган балдарга эртең менен туруу өзгөчө кышында кыйын болуп жатат»,— дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button