Ички иштер министрлигинде алдыда өтө турган иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыздоону талкуулаган онлайн кеңешме өттү

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 2025-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме болуп өттү.
Онлайн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган ШКУнун жыйынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо, ички иштер органдарынын күжүрмөн ишмердигин чыңдоо максатында атайын машыгууларды өткөрүү жөнүндө маселелер талкууланды.


Кеңешменин алкагында Октябрь Урмамбетов алдыда өтө турган коомдук-саясий жана эл аралык маанидеги ири иш-чараларда коопсуздукту камсыздоо маселелерине токтолду. Айрыкча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана даярдык көрүү мезгилинде, ошондой эле 2026-жылы өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин жогорку деңгээлде сактоо зарылчылыгын баса белгиледи.
Ошондой эле ал коомдук тартипти сактоого багытталган бардык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн туура уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо, эл аралык жана ички байкоочулар үчүн коопсуз шарт түзүү, ошондой эле массалык иш-чараларды туруктуу шартта өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Онлайн-кеңешменин жыйынтыгында ички иштер органдарынын бардык түзүмдөрүнө алдыдагы маанилүү иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдыкты күчөтүү, кызматтык милдеттерди так аткаруу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттер коюлду.



