Окуялар
УКМК: “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн изөөдө жүргөн чет өлкөлүк аял кармалды

КР УКМК тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-ж.13.01.т. К.А.Г. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалды.
К.А.Г. “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн, ал Кыргыз Республикасынын аймагында айыптоодон жашырынып жүргөн.
Көрүлгөн чаралардын негизинде КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык К.А.Г. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда КР УКМК тарабынан К.Г.А. аттуу жаранды Кыргыз Республикасынын аймагында жашырууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



