Коом
Бишкек — Ош жолунда эки RestPoint ачылды

Алар Жалал-Абад шаарына жана Кара-Көлдүн кире беришине коюлган. Ары-бери өткөндөр токтоп эс алып, чайканып чыкса болот. Ар бир жайда Кыргызстандын кызыктуу жана ажайып жайлары тууралуу интерактивдүү дисплей бар.

RestPoint тыныгуусуз иштейт, кышында жылынуучу жай катары да колдонулары айтылды. Ушул сыяктуу дагы 3 зона Өзгөн калаасында, Барпы жана Саруу айылдарында ачылуу алдында турат.
Алгачкы RestPoint быйыл жазда Кеминде пайдаланууга берилген. Кыргызстан боюнча 68 пункт куруу пландалууда.



