Пайдалуу кеңештер

Пайдалуу кеңеш. Магниттик бороондо оор жумуш жасабай, кофеден баш тартуу туура

Магниттик бороон учурунда башы ооруп кыйналган адамдар мындай күн болорун алдын ала билсе тамак-ашы менен графигин пландап алганы оң. Адистин айтымында, мындай күндөрү оор жумуштан, нандан, куурулган тамактан жана кофеден баш тартуу керек. Аш кылууга оор азыктардын ордуна жеңил тамак, жашылча, мөмө-жемиш сунушталат.

«Сууну көбүрөөк ичүү керек. Ал эми кофенин ордуна чөп чай ичкен жакшы. Стресстен алыс болуп, алкоголдук ичимдикти токтото туруңуз. Магниттик бороон болгон күндөрү айдоочулар өзгөчө этият болушу зарыл», — деген дарыгер.Ал ошондой эле кан басымы жогорулап жүргөндөр бул убакта тузду азыраак колдонушу керектигин эскерткен.

Анткени туз сууну организмден чыгарбай «кармап» калат. Ал эми кан басымы төмөн болгондор жакшылап тамактанып, кан басымын көтөрүүгө аракет кылышы зарыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button