Акылбек Жапаров: “Эки жылда куралдар, учкучсуз учактар, брондолгон машиналарды сатып алдык”

Күч түзүмдөрүндөгү мамлекет саясат: формачан адамдарда кызматка берилгендик – өтө бийик баалуулук болууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашык каражат жумшалды, Ок атуучу куралдар, учкучсуз учактар, брондолгон машиналар, камаздарды сатып алдык. 40 объект жаңы салынды.
Элди бөөдө кырсыктардан сактоо, алдын алуу, кесепеттерин жоюу үчүн 2 жылда ӨКМнын техникалары 100% жаңыланды, бюджети 2 жылда 4 эсеге көтөрүлдү, 30 жылда 1-жолу МЧС 3 вертолетко ээ болду. Жалпы 700 техника жаңырды. Мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 422 млн сом бердик. Коргоо министрлигине 1-жолу зениттик-ракеталык комплексти сатып бердик. Азыркы күндө 10 вертолет, 1 самолет иштеген абалга келди, бул абадан коргонуубузду камсыз кылат. ИИМде ар бир участкалык милицияга бирден планшет, бодикамераларды сатып бердик. 143 автотехника аймактарга кетти, 20 мобилдик автокомплекс ураган берилди. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800дөн ашык видеокамера орнотулду. Булар жөн эле камералар эмес, жасалма интеллект менен издөөдө (розыскта) жүргөн адамдарды табууда.
Улуттук коопсуздук жактан элибиздин тынч жашоосуна коркунуч туудурган уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөтүлдү. 2 террористтик топтун, 144 диний-экстремисттик уюмдун иши жабылды.



