Дүйнө

Дарылангандан көрө өлүү арзан. Канада психикалык жактан жабыркагандарга эвтаназияга уруксат бермей болду

Канададагы эвтаназия (өз ыктыяры менен жанын кыюу) мыйзамдары өлүмгө алып келбеген оорулары бар адамдардын өлүмүнө жол берет. Эвтаназия дарылоого караганда арзан болуп баратат. Бул боюнча тынчсыздануусун чет элдик маалымат каражаттары жана канадалык жарандар билдиришүүдө.

2016-жылдан бери Канада эвтаназия мыйзамдуу болгон дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири болуп калды. Адегенде айыккыс дартка чалдыккандар жана оор физикалык азаптарды баштан кечиргендер, мисалы, айыккыс рак менен ооругандар үчүн өзүн-өзү өлтүрүү сунушталган.

Беш жылдан кийин, 2021-жылдын 17-мартында, кайра каралган мыйзам күчүнө кирип, анда тизме кеңейтилген. Дарыгерлерге азыр майыптыгы бар же өлүмгө алып келбеген өнөкөт оорулары бар адамдардын өтүнүчү боюнча өмүрүн токтотууга уруксат берилет.  Ал эми андай оорулуу туура дарылоо менен жылдар бою жашай алат  эмеспи.

2023-жылы психикалык жактан жабыркаган адамдар үчүн «кызматтарга» жетүү маселеси каралды — айыктыра албагандар гана эмес, кымбат дары-дармектерди жана медициналык кызматтарды сатып ала албаган адамдар да өлүшү мүмкүн (майыптыктын орточо пенсиясы 998 канадалык долларды түзөт).  Башкача айтканда, аз камсыз болгон майыптарга эвтаназияга уруксат берилген (дарыгердин уруксаты менен).  Бул чечим 2024-жылдын мартында күчүнө кирет.

Бул чечим Канададагы профессионалдык психиатрия коомчулугун таң калтырды. Психиатрлар адатта суицидди токтотуу үчүн иштешет. Эми алар буга салым кошушу керекпи деген суроо туулат.

Дарыланууга акча төлөй албаган оорулуу жарандар үчүн эвтаназия пайдалуу чечимге айланууда. Салыштыруу үчүн: 2022-жылы бир канадалык жаранга медициналык чыгымдардын суммасы 8 653 канадалык долларды түздү (камсыздандыруу сумманын 80%ке чейинин жабат, калганын жаран өзү төлөйт). Заманбап Канадада эвтаназия процедурасынын белгиленген баасы 2237 канадалык долларды түзөт. Өлкө парламенти бул мыйзам буга чейин эле казынаны жылына дээрлик 88 миллион доллар үнөмдөгөнүн ачык талкуулап жатат. Бюджетке өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жылына кошумча 62 миллион доллар түшүүсү күтүлүүдө.

Буга 54 жаштагы майып Амир Фарсуддун окуясы мисал боло алат.  Мындай төлөө бербегендиктен үйүнөн ажырап калуу коркунучунан жана ага байланыштуу депрессиядан улам Сент-Катаринс шаарынын тургуну MAiD программасына кайрылып, өзүн-өзү өлтүрүүгө уруксат алган. Фарсуддун консультациялык психиатры анын пациенти процедурага талапкер катары бардык критерийлерге жооп бергенин тастыктады. Болгону медициналык комиссиянын макулдугун алуу гана калды. Ошол учурда Амирди камкор мекендештери сактап калышты. Жергиликтүү телесюжеттен кийин алар краудфандинг платформасы аркылуу 60 000 канада долларын чогултушкан. Бул сумма Фарсуддун жети жылдык тамак-ашына жана үй акысына жетет.

2023-жылдын май айына карата эвтаназия Бельгияда, Канадада, Колумбияда, Люксембургда, Нидерландыда, Жаңы Зеландияда, Португалияда, Испанияда жана Австралиянын бардык алты штатында (Жаңы Түштүк Уэльс, Квинсленд, Түштүк Австралия, Тасмания, Виктория жана Батыш Австралия) мыйзамдуу болуп калган.

Ошондой эле, бир катар мамлекеттер пассивдүү эвтаназияга жол беришет, анда өлүмгө медициналык жардам көрсөтүлбөйт, бирок бейтаптын өмүрү үчүн күрөш токтойт.

Булак: centralasiamedia

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button