Окуялар

УКМК: Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору кармалды — ФОТО

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (мындан ары – КУАОЖБТ) лизингдик ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КУАОЖБТнын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык, КУАОЖБТнын башкы директору «И.А.М.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button