Пайдалуу кеңештер

Суук тийгенде иммунитетти чыңдоочу азыктар аталды

Суук тийүү жана курч респиратордук вирустук инфекциялар күч алган мезгилде иммунитетти чыңдоого жардам берген азыктарды колдонуу сунушталат. Бул тууралуу РИА Новости Европалык медициналык борбордун (EMC) башкы дарыгери Розанна Гардашникке шилтеме берип билдирди.

Дарыгердин айтымында, мындай учурда С витаминине бай азыктарды рационго кошуу пайдалуу. Алардын катарына клюква, ит мурун, цитрус жемиштери, туздалган капуста жана сарымсак кирет.

Мындан тышкары, иммунитеттин иштеши үчүн альфа-липой кислотасына бай азыктарды колдонуу маанилүү. Аларга шпинат, брокколи, ички органдардын эти жана боор кирет. Бул азыктар организмди иммундук системанын иштеши үчүн зарыл болгон күчтүү антиоксидант — глутатион менен камсыз кылууга жардам берет.

Ошондой эле суук мезгилде жаңгак, имбирь жана йодго бай азыктарды колдонуу сунушталат. Алардын катарына йоддолгон туз, балырлар, деңиз азыктары жана деңиз балыгы кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button