УКМК: Бишкекте жаштарга жана чет өлкөлүк туристтерге баңгизат саткан жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан башка милдеттер менен катар өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун жана аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүүдө.
Бул багытта комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, улуттук коопсуздук органдарынын байкоосуна Кыргыз Республикасынын жараны Б.Д.Б. түшкөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Д.Б. туруктуу негизде баңги каражаттарын ташуу жана сактоо, ошондой эле аларды Бишкек шаарынын аймагында көбүнчө жаштарга жана чет өлкөлүк туристтерге сатуу менен алектенгени аныкталган.
2023-жылдын 29-июлунда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Б.Д.Б. кармалды. Аны жеке тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдө – 108 грамм (9 брикет) баңгизаты табылган. Алынган заттарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, брикеттердин курамында каннабиноиддик топко кирген, баңгизаты болуп саналган гашиш бар экенин көрсөткөн.
Кармалган Б.Д.Б. КР УКМК тергөө абагына киргизилди.
Учурда баңгизаттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка чогуу катышкан башкаларды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.




