УКМКнын ардагери Кадинов Кубат Дайырбекович мезгилсиз дүйнө салды — НЕКРОЛОГ

КАДИНОВ КУБАТ ДАЙЫРБЕКОВИЧ, 1975-жылдын 24-октябрында Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун, Кара-Тектир айылында туулган.
1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп эмгек жолун баштаган.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн эксперти болуп ишке өтүү менен, андан соң 2002-жылдан 2007-жылга чейин Кадинов Кубат прокуратура системасында ар кандай кызматтарды аркалап, анын ичинде прокуратуранын улук тергөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болуп иштеген.
Кийин 2007-2016-жылдары Кадинов Кубат Дайырбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде атайын чакыруу менен, тергөө башкармалыгында, жеке коопсуздук жана антитеррордук борборунда жетекчилик кызматтарда иштеп, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп кызмат өтөп жүрүп, 2016-жылы Юстициянын полковниги, аскердик наамы менен ардактуу эс алууга чыккан.
Пенсияга чыккандан кийин “Zet-Explorer” компаниясынын башкы директорунун коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси, 2017-2019-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеген.
2019-жылдан бери Кадинов Кубат “Chaarat Zaav” компаниясында башкы директордун коопсуздук жана мамлекеттик кызматташуу боюнча орун басары болуп иштеген.
Кадинов Кубат Дайырбекович 2021-жылдан бери Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасынын кенешчиси, 2023-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси болуп эмгектенген.
Кадинов Кубат Дайырбековичтин көп жылдар бою коомго жана мамлекетке кызмат кылууга арналган өмүр жолунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууга кошкон салымы баа жеткис!
Кадинов Кубат Дайырбекович укук коргоо органдарында жана атайын кызматта иштеген мезгил ичинде өзүн жоопкерчиликтүү кызматкер, кесипкөй жетекчи жана өз милдетин бийик туткан чыныгы офицер катары көрсөтө алган.
Ал, ар дайым мамлекеттин таламдарын коргоп жана тартипти сактоо менен өз ишин жана өзүнө берилген милдеттерин так аткарган кесипкөй инсан катарына кире алган.
Анын кесипкөйлүгүн, чечкиндүүлүгүн жана күчтүү мүнөзүн ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары гана эмес, аны менен чогуу иштеген кесиптештеринин сый-урматы менен дагы тастыктоого болот.
Кадинов Кубат бир нече ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
Ал өзүнүн кызматында жоопкерчиликтин жүгүн аркалап, дайыма көпчүлүккө үлгү боло алган.
Кубат Дайырбековичтин боорукердиги, кайраттуулугу, өз ишине берилгендиги аны менен чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүк алган кесиптештеринин жүрөгүнөн түнөк тапты.
Ушундай инсан менен замандаш болгондугубузга сыймыктанып, эч качан жаркын элесин унутпайбыз!
Кесиптештери, достору, замандаштары



