Саясат

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” ККР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жолу менен мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button