Бишкек мэриясы «KG Групп» курулуш компаниясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр

Бишкек мэриясы «KG Групп» курулуш компаниясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев үлүшчүлөр менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымына караганда, мэрия курулушу аяктап, бирок расмий түрдө пайдаланууга бериле элек объекттерди ишке киргизүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр.
Кеп төмөнкү объекттер жөнүндө болууда:
— Тынчтык проспектиси жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Тынчтык» турак жай комплекси;
— Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Сейтек» комплекси;
— Жал кичирайонундагы Садырбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Жусуп Баласагын» турак жай комплекси;
— Токтоналиев, 86 дарегиндеги «Семетей» комплекси;
— Токомбаев, 33 дарегиндеги «Алымбек Датка» комплекси.
Эске сала кетсек, буга чейин аталган курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандар өлкө президентине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына кайрылып, алардын көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.



