Окуялар

УКМК: Жалал-Абад шаарында “Чынчыл күрөөкананын” элди алдаган, мыйзамсыз иш аракеттери аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарындагы «Чынчыл күрөөкана» күрөөканасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн жабыркагандардан тагырак айтканда Жалал-Абад шаарынын тургундарынан түшкөн арыздардын алкагында, аталган ломбарддын ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары 1985-жылы туулган А.С.М. жана 1995-жылы туулган М.Э.Т. тиешелүү лицензиясы жок күрөөкананын мыйзамсыз ишин жүргүзүп, ири өлчөмдөгү 240% жылдык ссудаларды беришкен, аларга ишенип берилген адамдардын атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыз кылынгандыгы аныкталган. Бир канча убакыттан кийин келишимдердин мөөнөтү бүтөөрүн күтпөстөн, алар өздөрүнө ишенип берилген мүлктү өзүм билемдик менен сатып, үстөк пайызы күрөөнүн баасынан эбак эле ашып кеткенин жүйө келтиришкен.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык, башкача айтканда, алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө укукка ээ болуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 15-январында бул кылмыш ишинин алкагында «Чынчыл күрөөкананын» ээлери: 1985-жылы туулган А.С.М. жана 1995-жылы туулган М.Э.Т. кармалып, алардын жашаган жеринен тинтүү учурунда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча документтер табылып алынган.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди, азыркы убакта бул адамдар тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button