Коом
Билим берүү министрлиги онлайн окууга өтүү буйругун эмне үчүн кеч кабыл алды

“Катуу суук тууралуу маалыматты кечинде алдык. Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен кабыл алдык. Жолдогу тыгындар, мектепке жетүү процессинин оордугунан улам бул приказ кабыл алынды”, — деди билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева.
Министр аба ырайы тууралуу маалыматты Кыргызгидромет берерин кошумчалады.
“Кечинде АкиPressти деле карасаңыз, саат 4төн өткөндөн кийин Кыргызгидрометтин маалыматы менен жаңылык чыкты. Ошол учурда ӨКМ, Санэпидемстанция эреже боюнча, окууну токтотуу боюнча чечимдерин берет”, — деди министр.
@abal-kg



